23:29 Президент Курманбек Бакиев Челябинскиде кыргыз диаспорасынын башчылары менен жолукту

Түнкү саат тогуздар чамасында президент Курманбек Бакиев Орусиянын Челябинск облусунун Чебаркуль аскерий полигонунда өткөн “Тынчтык миссиясы-2007” террорчулукка каршы эл аралык машыгуусунан кайтып келди. Бакиев Челябинскидеги кыргыз диаспораларынын башчылары менен жолугушуп, эмгек мигранттарынын абалы менен таанышты. Өз сөзүндө өлкө башчысы кыргыз жарандарын Атамекени менен тыгыз байланышта болуусун өтүндү, деп билдирди президенттин маалымат кызматынын жетекчиси Досалы Эсеналиев “Азаттыкка”.(AJ)