Жыл башындагы болгон зилзаладан жабыркаган орто мектепти жаңы окуу жылына карата калыбына келтирүү иши каражаттын жетишсиздигинен улам токтоп турган. Облустук администрациядан кабарлашкандай, бул ишке президенттик администрациянын кийлигишүүсүнөн кийин каржы министрлиги кайрадан каражат берип, курулуш улантылган. Орто мектеп жаш жеткинчектерин 1-октябрдан тарта кабыл алмакчы. Бул маалымат Баткен облустук мамлекеттик администрациясынан алынды. (ZKo)