АКШдагы курал мунапысында бир киши учакты атып түшүрүүчү ракета аткычты өткөрүп берди

1 метр 20 сантиметр келген жабдыкты ал мал кармаган сарайдан таап алган экен, бирок буга чейин андан арылуу аракетинен майнап чыкпаптыр. Мунапыстын эрежеси боюнча аты аталбаган киши ракета аткычты кызына спорттук бут кийимге алмашты.