8:50 Бүгүн өлкөнүн булуң-бурчунда мугалимдердин билимин жогорулатуу боюнча жумалык башталды

Жумалык “Билим берүү мекемелеринде жана аны башкаруу органдарындагы тапшырмалар жөнүндө” деген аталышта өтөт. Мунун алкагында 2007-2008-жылдарга орто мектептерде окуу планы аныкталып, бардык предметтер боюнча методикалык сунуштар аныкталат. Жумалыктын соңунда райондук, шаардык жана облустук мугалимдер үчүн конференция өткөрүлүп, анда Мугалимдердин экинчи съездине делегаттар тандалып алынат. 5-октябрга белгиленген съездге президент Бакиевдин катышуусу дагы күтүлүүдө. Бул тууралуу Билим берүү министрлигинин басма сөз кызматынан кабарланды. (ZMa)