ЖАЛАЛАБАТ: АДАМ САТКАНДАР ОҢОЙ КУТУЛУП КЕТҮҮДӨ

Ырысбай Абдыраимов, Жалалабат Жалалабат облусунда тымызын түрдө бала жана адам сатуу фактылары болууда. Иш таап бермекчи болгондордун бал тилине киргендер сыртынан сатылганын билбей, чет өлкөлөрдө түрдүү кыйынчылыктарды баштан өткөүшөт. Адам саткан кишилер жеңил жаза менен кутулуп чыгууда. Ага нааразы болгон облустагы кризистик уюм киши сатуу фактысы боюнча сотко жиберген иштеринен өңдүү жыйынтык чыгарына ишенбейт.
Эл аралык миграция уюму менен иш жүргүзгөн облустагы «Каниет» аттуу кризистик борборго адам сатуу жана дайынсыз жоголгондор тууралу 11 адам кайрылган. Адам сатуу окуяларына айрыкча Сузак, Базаркоргон райондорунун турмушу начар жарандары туш болушкан. Борбордун төрайымы Жанна Саралаеванын болжоосу боюнча Базаркоргон районунда кыз-келиндерди жол кире менен камсыз кылып, Түркияга жиберип турган топ бар. Аны ачыкка чыгарууга жана жазага тартууга жабырлангандар көнгөн эмес:

- Ай сайын 8-10 чакты адамды топ-топ кылып жөнөтүп турушат. Булардын системасы дагы жакшы коюлган.

Жабырлангандардын айрымдары сыртынан төрт миң долларга сатылганын, чет өлкөдө эркектердин кумарын кандырууга мажбурланып, секс кызматынан баш тартканда уруп-согууларга туш болгонун кризис борборуна билдиришкен. Алданганын туйгандар аял саткандардын ченгелинен кутулуу үчүн мойнундагы шуру-мончокторун сатып, качып чыгышкан.

- Иш таап беребиз, бала багасың, укалоо салонунда иштейсиң деп алдаганы менен менин көзүмчө төрт миң долларды санап, мени берки адамга сатты дегендер да бар. Алар ошол жакка барганда гана билишет. Буга чейин алар ойлошот жакшы жумушка иштеп, өзүбүздүн үй бүлөөбүзгө акча жөнөтүп турабыз деп деген максат менен барышат,- дейт Жанна Саралаева.

Белгисиз аялдар Майрам Заирова аттуу оорулуу келиндин бөбөгүн төрт миңге сатып ийишип, анын сабатсыз жана эч кайда арызданбай турганынан пайдаланып, колуна жарыбаган кийим-кечек карматышкан. Көрүнгөн жерде ар кимдин жумушун жасап, араң жан баккан Майрам менен шериги Махабат Рахманкулова окуя тууралу көңүлдөнбөй айтып беришти.

“Каниет” кризистик борбору 4 жабырлануучунун арызын сотко жолдогон. Бир иш Жалалабат шаардык сотунда каралып, адам сатты деген Эрматов Исламжон аттуу кишиге мамлекет пайдасына 30 миң, жабырлануучуларга 10 миң сом төлөө тууралу өкүм чыгарылган. Бирок, Жанна Саралаеванын оюнда прокурор ага 8 жыл сурагандай катуу жаза чектелсе, адам саткан башка алдамчылар үчүн сабак болмок. Адам сатуу, мыкты айлыгы бар иш таап берү жоругу кесипке айланууда.

- Муну сегиз жылга камалсын деген чечим чыгарса, ал эми соттун чечими менен жөн эле 20 миң айып пул төлөттүрүп коёт. Ал эми адам сатып жаткан кылмышкер бир айга жетпей бошонот дагы ошол эле учурда өзүнүн эле кишилерин коркутуп баштайт. Сен мени баары бир отургуза албайсың, сени менен ошондо сүйлөшөбүз деп, - дейт Жанна Саралаева.

Судья Токтосун Сүйөркулов адам сатты деп айыпталган кишинин 1-жолу кылмыш жасап жатканын эске алган. Кылмыш кодексинин 124 беренеси менен жаза чектеп мунапыс мыйзамын колдонгон. Өкүмгө нааразы тараптын жогорку сот уюмдарына ал өкүмдү жокко чыгаруу талабы менен кайрылууга укугу бар. Ал тууралуу микрофонго сүйлөп берүүдөн баш тарткан соттун түшүндүрмөсүндө мунапыс мыйзамы колдонулбай, айыпкерлердин баарын түрмөгө кесе берсе, экономикалык каатчылыкта турган өлкөнүн абакта жаткандарды багууга каражаты жетишсиз.