12:40 Өлкөдө мугалимдер жетишсиз

2007-2008-окуу жылына мектеп мугалимдери жетишсиздик кылууда. Билим берүү министрлигинен маалымдашкандай өлкө мектептери баш-аягы 2700-дөй мугалимге муктаж. Бул маселени чечүү үчүн “Жаш мугалимдер депозити” жарыяланган. Эми сынакка катышуучуларды тандоо иштери 20-сентябрдан-20-октябрьга дейре жүрөт. (ElenK)