Орусия: Чех республикасы өз аймагында америкалык радар станциясын орнотууга макулдук берсе, чоң ката болот

Мындай билдирүүнү Орусиянын аскерий ордосунун башчысы Юрий Балуевский Чехиянын коргоо министринин орун басары Мартин Бартак менен Москвада жолугушкан соң жасады. Чех республикасы Вашингтон менен өлкөгө АКШнын ракетадан коргонуу системасын жайгаштыруу тууралуу сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүдө.