Бул тууралуу Феликс Куловдун адвокаты Любовь Иванова билдирди. Маалыматка караганда, тергөө иштери “Канжар” уюмунун мүчөсү Адилет Айтикеевдин издөөдө жүрүшүнө байланыштуу токтоп турат. Ошондуктан Феликс Кулов да суракка чакырылган жери жок, деп белгиледи Иванова. Апрель митинги учурундагы баш аламандыкка байланыштуу Феликс Куловдун үстүнөн да кылмыш иши козголуп, андан өлкөдөн чыкпоо жөнүндө тил кат алынган. (AiT)