Акаеванын адвокаты Икрамидин Айткуловдун айтымында кылмыш иши беш томдон турат. Айыпталуучу таанышуунун жыйынтыгы боюнча кайра тергөөнү сурап тергөөчүгө жана прокуратурага кайрылууну көздөөдө. Мунун себебин адвокат кылмыш ишинде карама-каршылыктар өтө көп деп түшүндүрдү. Акаевага Коопсуздук Комитети соттун чечимдерине баш ийген эмес, документти жок кылган деген айып тагып, ал боюнча тергөө ишин жыйынтыктап, таанышууга берген. Кеминде 23-апрелден 24-апрелге караган түнкү шайлоого байланышкан окуя боюнча дагы эки кишиге баш аламандыкты уюштурган деген айып тагылууда. (BuS)