Республиканын ар аймагынан чогулушкан 150 чакты партия активисттери үчүн жайкы мектеп 24-26-август күндөрү өтөт. Бул жайкы мектеп алкагында октябрда боло турчу партиянын съездине карата даярдыктар да жүрөт. Бүгүнкү күнгө социал-демократтар партиясына 15 миңден ашуун адам мүчө. Партиянын төрагасы - өкмөт башчы Алмазбек Атамбаев. (ElenK)