ВАШИНГТОН. АКШнын демократиялык партиясынын жетекчилери Жорж Буштун Ирактагы абал жөнүндө сүйлөгөн сөзүн кескин сынга алышты. Буш америкалык аскерлердин Ирактан чыгарылып кетиши америкалык аскерлер Вьетнамдан чыгып кеткендегидей алааматка алып келет деп айткан. Демократтардын сенаттагы лидери Харри Рид Иракка басып кирүү Американын тарыхындагы эң чоң катачылыктын бири болду, деп жооп кайтарды. Сенатор Джон Керри болсо Буштун сөзүн жоопкерчиликсиздик деп атады.