Автордук тасмалардын “Киностан” эл аралык фестивалынын алкагында өтүүчү бул жумалыкта “Эркин сүзүү”, “Бала баккыч керек”, “Кууп ийүү”, “Жекече эч нерсеси жок” жана башка тасмалар көрсөтүлөт. Бүгүн ушуга байланыштуу фестивалдын уюштуруучулары маалымат жыйынын өткөрөт. Ага Кинематографисттер союзунун төрагасы, Таалайбек Бапанов, киносынчылар, Орусиядан келген режиссер жана актерлор катышары күтүлүүдө.(ZMa)