14:30 Келерки жылы Ысыккөлдө сулуулардын дүйнөлүк «Мисс-2008» конкурсу өтөт

Бул тууралуу бүгүн «АКИпресс» агенттигинде «Дүйнөнүн мисс туризми» уюмунун президенти Жон Синхг жана туризм агенттигинин башчысы Турусбек Мамашев билдиришти. Алардын маалыматтарына караганда, келерки жылы сентябрда өтө турган ачык кийимчен кыздардын конкурсун уюштурууга 1,2 млн доллар каражат сарпталат жана аны демөөрчүлөр каржылашат. Конкурска катышуу үчүн Кыргызстандан 22 сулуунун бирөө тандалып алынат. (BuS)