Пакистандын Жогорку соту Наваз Шарифтин мекенине кайтышына жол ачуучу чечим чыгаргандан кийин АКШнын Мамлекеттик департаменти "Пакистанда демократиялык салт-санаалар бекемделсе" деген үмүтүн билдирди. Шариф 1999-жылдагы аскердик төңкөрүштө бийликтен кулатылган эле.