Өзбекстанда өлкөнүн борбордук жана түштүк бөлүктөрүн байланыштырган темир жол каттамы ачылды

Анын ачылышына катышкан президент Ислам Каримов 223-чакырымга созулган темир жол каттамы жапон өнөктөштөрдүн колдоосу менен курулганын айтты. Болгондо да ал белгиленген мөөнөтүнөн эрте курулуп бүтүптүр. Президенттин ишениминде, бул каттамдын экспорттук жана транзиттик иштерде мааниси өзгөчө болот.