12:40 Алатоо аянтында картинг боюнча мелдеш болуп өттү

Мелдешке кыргыз өкмөтүнүн аппарат кызматкерлери, айрым министрлер, журналисттер жана “Бител” компаниясынын кызматкерлери катышты. Жыйынтыгында 1-орунга өкмөттүн аппарат кызматкерлери ээ болушту. 2-орунду байланышчылар, 3-орунду министрлер алышты. Ал эми маалымат каражаттарынын өкүлдөрү акыркы болуп калышты.
Мелдеш эгемендүүлүк күнүнө карата улуттук картинг федерациясы тарабынан уюштурулду. (ZKo)