Тездик менен тараган өрттөн кеминде эле 53 адам өлгөнү кабарланууда. Европалык бир топ мамлекеттер өрт өчүргүч учактары менен тик учактарын, өздөрүнүн адистерин жиберип жатышат. Жүздөгөн там-жайлар, 70 миң гектар жер толугу менен иштен чыкканы айтылды. Бул өрттү кимдир бирөө атайылап кылган болушу да мүмкүн деп жатышат.