Түштүк Индиядагы Хайдерабад шаарындагы жардыруулардан кеминде 42 адам мерт кетти, 80 жаракат алды

Террор актылары кечээ кечинде сырттагы көңүл ачуучу жайда жана белгилүү ресторанда болгон. Андхра-Прадеш штатынын жетекчилиги бул терактты Пакистанда жана Бангладеште жайгашкан исламчыл экстремисттер жасаган болушу мүмкүн экенин айтышууда. Анткени, полиция соңку мезгилдерде шаардан жарылбай калган дагы 19 бомбаны тапканын билдирди.