Өлкөдөгү экономикалык оор абал, ар кандай саясий жаңылыштыктар күзүндө саясий кырдаалды курчутушу мүмкүн, деп билдирди “Азаттыкка” Кыргызстан саясатчылар ассоциациясынын аткаруучу директору Токтогул Какчекеев. Ошондой эле аталган ассоциациянын президенти Нур Омаров, вице-президенти Валентин Богатырев, байкоочу кеңештин төрагасы Аликбек Жекшенкулов бүгүн “2007-жылдын саясат күзү, учурдагы кырдаал жана анын өнүгүү мүмкүндүгү” деген аталыштагы аналитикалык докладында конституциялык реформанын жакын арада чечиле тургандыгы белгилешти. Ал эми премьер-министр Алмазбек Атамбаевдин күзүндө өз калоосу менен кызматтан кетүү тууралуу божомолдорго кайчы пикирде болушту. Токтогул Какчекеевдин көз карашында өкмөт башчысынын кызматтан кетүүсү өлкөгө эч кандай пайда алып келбейт, анын отставкага кетүүсүнө негиз жок. Ал эми Нур Омаровдун божомолунда күзүндө Конституциянын жаңы редакциясы кабыл алынып, президент өлкөдөгү социалдык-экономикалык оор кырдаал үчүн өзүнөн жоопкерчиликти алып салуу максатында өкмөттү отставкага кетириши мүмкүн. Кыргызстан саясатчылар ассоциациясы жана саясатты өнүктүрүүнүн эл аралык агенттиги үстүбүздөгү жылдын июль айында түзүлгөн. (AJ)