8:12 Свердлов райсоту бүгүн Капар Мукеевдин ишин кароону улантат

Юстиция министрлигинин алдындагы Жаза өтөө мекемелер башкармалыгынын мурдагы башчысы Капар Мукеев баштаган беш кишиге атайын прокуратура шалаакылык кылып, мамлекетке 2 миллион сом чыгым келтирди деген айып менен 2006-жылдын 19-январында кылмыш ишин козгогон. Жаза өтөө мекемелер башкармалыгынын мурдагы башчысы Капар Мукеев бул кызматка Жогорку Кеңештин депутаты Тынычбек Акматбаевдин №31 колонияда атып өлтүрүлүшүнө байланышкан чуудан кийин 2005-жылы октябрда дайындалып, кыска убакыт иштеген болчу.(SM)