Грецияда алоолонгон өрттүн чыгышына тиешеси бар деп шектелген 30дан ашуун адам кармалды

Аларды террорчулукка каршы кызматтын өкүлдөрү суракка алууда. Өлкөнүн Пелопоннес жарым аралын каптаган өрт 63 адамдын өмүрүн алды. Баш калаа Афинадан түштүк тараптагы жарым аралдын 30дан ашуун жеринде өрткө каршы күрөш жүрүүдө. Өлкө бийликтери кечээ өрт койгондорду кармоого жардам бергендер 1 миллион евро сыйлык алаарын жарыялаган.