Битир садага түштүк аймактарында киши башына 15 сомдон, түндүк аймактарында 14 сомдон төлөнөт. Мындай чечим Кыргызстан мусулмандарынын уламалар кеңешинин кечээги отурумунда кабыл алынды. Битир садаганын өлчөмү 1 кг.600 гр. буудайдын базар баасына салыштырмалуу чегерилген. Чогулган каражаттын 50 пайызы битир садага чогулткан мечитте калып, 10 пайызы казиятка, 40 пайызы кайрымдуулук иштерине, медресе, ислам институттарына, жардамга муктаж адамдарга жумшалат. Ошондой эле өлкө аймагында орозо 12-сентябрда башталып, 12-октябрда орозо айт, 19-декабрда курман айт өткөрүлмөкчү. (AJ)