АКШ орус бийликтерин журналист Анна Политковскаянын өлүмү боюнча иликтөө иштерин активдүү улантууга чакырды

Мамдепартаменттин өкүлү Том Кейсинин айтымында, журналисттерди коркутуп-үркүтүүгө байланышкан кандай гана аракет болбосун, коомдо өзгөчө тынчсызданууну жаратышы керек. Дүйшөмбүдө Орусиянын Баш прокуратурасы Политковскаяны “өлтүргөн болушу мүмкүн” деген шек менен 10 адам кармалганын кабарлаган эле.