Түркияда кечээ президент болуп шайланган Абдулла Гүл өзүнүн саясатында бейтарап болууга, өлкөнүн секулярдык принциптерин алдыга сүрөөгө жана Анкаранын Евробиримдикке мүчөлүк алуу аракетинин үстүндө активдүү иштөөгө сөз берип жатат. Бүгүн кечинде ал премьер-министр Режеп Тайып Эрдогандын кабинетин жактырып, бекитет деп күтүлүүдө. Дал ушул Эрдогандын “Акыйкат жана Өнүгүү” партиясы жакында парламенттик шайлоодо жеңишке жетишип, өзүнүн атынан Абдулла Гүлдү президенттикке көрсөткөн.