9:30 Кыргызстан Венгрия менен туризм жаатында кызматташат

Туризм боюнча мамлкеттик агенттиктин статс-катчысы А. Жигитов башында турган жумушчу топ 19-28-август күндөрү Венгрияда иш сапар менен болушту. Ал жактан туризм тармагынын өкүлдөрү менен жолугушуп, эки өлкө ортосунда тажрыйба алмашуу тууралуу кеп-кеңеш курушту. Кыргыз студенттерин аталган мамлекеттин жогорку окуу жайларына жөнөтүп туруу жөнүндө сөз болду. Кыргыз тарап венгриялык туризм компаниялардын жана атайын мекемелердин өкүлдөрүн 2008-жылы майда Бишкекте, Ысыккөлдө жана Ошто өтө турган эл аралык туризм боюнча жарманкеге чакырышты. Бул туурасында ТИМдин маалымат кызматы билдирди. (EBM)