Алардын тогуз жүзгө жакыны республикалык казнадан каржыланат. Жүз адам Дүйнөлүк банк жана дагы ушунча адам Азия өнүктүрүү банктын эсебинен иштешет. Өкмөт бул программага жаш кадрларды тартууну көбөйтүп, жылына алардын санын беш жүзгө жеткирүүнү караштырып жатат. Өкмөттүн маалымат кызматы билдиргендей бул максатта 2008-жылы кошумча он жети миллион сомдон ашыгыраак каражат талап кылынат. Бүгүнкү күндө республика боюнча мектептерге үч миңдей мугалим жетишпейт. (EBM)