Жазуучу Абибилла Пазыловдун “Гезитчи Дзюо” китебинде бут кийим тазалап иштеген кыргыз баланын образы аркылуу Кыргызстандагы өзгөргөн мезгил, ал мезгилдин өң-түсү, жаңыча жашоонун карама-каршылыктары тартылат. Чыңгыз Айтматовдун эң алгачкы чыгармасы да “Гезитчи Дзюо” деп аталат эмеспи. Бул эки чыгарманын ортосунда кайсы бир деңгээлде окшоштуктар да, кыйла бир айырмалуу өзгөчөлүктөр да бар.
Абибилла Пазыловдун “Гезитчи Дзюо” чыгармасындагы кыргыз баланын образында – аңдай келгенде кыргыз элинин, кыргыз мамлекетинин тагдыры жатат... Автор баланын көргөндөрү, бала кабылган окуялар аркылуу эгемен жылдар ичиндеги кыргыз турмушун сүрөткө алат... Жазуучу Абибилла Пазылов “Гезитчи Дзюо” чыгармасын дароо эле орус тилинде жазды. Ал себебин автор мындайча түшүндүрдү:
-Азыр эми орусча жазуу “мода” деле эмес. Бирок мен ушу биздин өлкө кечирип аткан бүгүнкү турмушту орус тили аркылуу башка элдер да билсе дедим. Бул чыгармамдын Орусиянын, дүйнөнүн сайттарына чыгып кетиши да – ошол орус тилинде жазылганынан улам болду.
Аталган чыгармада козголгон маселелер эң башкысы уңгулуу улутка – кыргыз элине, анын бүгүнүнө, эртеңине тиешелүү болгондуктан, Абибилла Пазылов бул чыгарманы эң алдын кыргыз тилинде жазса болмок дейт китеп окурман Мурат:
-Ооба, мен бул чыгарманы орус тилинде окуп чыктым. Бирок менин Абибилла Пазыловго капалыгым: автор бул чыгармасын алгач кыргыз тилинде эле жазса болмок. Себеби бул орустарга караганда, кыргыздарга зарыл чыгарма. Мында кыргыз турмушу, кыргыз баланын тагдыры турат. Муну окуп-билип ой жүгүртүү - эң биринчи кыргыздарга керек.
Абибилла Пазыловдун “Гезитчи Дзюо” чыгармасы боюнча пьеса коюлуп, кинотасма да тартылаарын кабарлады кыргыз Эл артисти, Кыргызфильм киностудиясынын директору Бакыт Карагулов:
-Абибилла Пазыловдун “Гезитчи Дзюосун” режиссер Алмаз Сарлыкбеков театрга коймокчу. Жазуучу бул чыгармасы аркылуу Кыргызстандын тагдырындагы өткөөл мезгилдин дабышын, табын даана туялган... Мында өтө чоң көйгөй маселе көтөрүлгөн. Карап көрсөк, бүгүн деле бизде канчалаган “гезитчи Дзюолор” жүрөт... Мен Абибилла Пазыловдун “Гезитчи Дзюо” чыгармасынын негизинде тасма тартууну ойлонуп жатам. Чыгарманы киносценарийге оодаруу да бир топ иштөөнү талап кылат. Абибилла Пазыловдун бул чыгармасында Шекспирдин чыгармаларындагыдай түбөлүктүүлүк көтөрүлгөн.
Абибилла Пазылов кыргыз тилинде ырларды, көркөм чыгармаларды жазуу менен дүйнөлүк классиктер Иван Буниндин, Гарсиа Маркестин жана Чыңгыз Айтматовдун чыгармаларын кыргызчалаткан. Абибилла Пазылов орус тилинде жазган “Гезитчи Дзюо” чыгармасын эми кыргызчалап жазмакчы:
-Ооба, мен бул чыгармамды которуп эмес, кыргызча жазышым керек. Муну мен ойлонуп жатам.