Ушул шейшембиде Азербайжандын баш калаасында жаңыдан курулуп жаткан көп кабаттуу имарат урап түшкөн. Андан 15 киши дайынсыз жоголгону кабарланган. Куткаруучулар аларды тирүү табуу үмүтү азайып баратканын айтышууда. Кырсыкка курулуш эрежелеринин одоно бузулушу себеп болгону айтылууда. Расмий булактарга ылайык, курулуш компаниясынын 4 кызматкери камакка алынды.