Ливанда өкмөттүк аскерлер качкындар лагериндеги козголоңчулар менен согушту

Палестиндердин лагериндеги атышта 10-20 козголоңчу менен катар эки аскер окко учту. Ал-Каида шыктандырган козголоңчулар менен ливан аскерлери аталган лагерде үч айдан бери согушуп келатышат.