18:10 Мектепке бомба койдук деген балдардын иши коопсуздук кызматына өткөрүлөт

ЖАЛАЛАБАД. Мектепке бомба койдук деп телефон чалган балдар менен алардын ата-энелеринин арасында кылмыш жасагандар жоопко тартылары тууралу түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. Мындай маалымат 3-сентябрда шаардык ички иштер бөлүмүнөн алынды. Милициянын башчысы Кубаныч Төрөбаевдин билдиришинче 9 жаштагы Бекзат жана 11 жаштагы Өткүр аттуу балдардын иши улуттук коопсуздук кызматына өткөрүлүп берилүүгө даярдалууда. Алар 31-август күнү шаардагы №21 орто мектептин директоруна мектепке өзбек класстарын ачкыла, болбосо мектепти жардырабыз, бомба коюп койдук деп телефон чалышкан. Шаардык милиция кармаганда алар тамашаладык деп жооп беришкен. (YA)