Италияда атактуу опера ырчысы Лучано Паваротти каза тапты

Бүгүн таңга маал 71 жаш курагында дүйнөдөн өткөн Лучано Паваротти былтыртан бери карын алдындагы бездин рак дартынан жапа чегип келген эле.
Лучано Паваротти өз муунундагы тенор ырчылардын эң мыктысы деп эсептелген, соңку 40 жыл боюнча дүйнөнүн эң белгилүү операларын аткарып келди. Паваротти Пласидо Доминго, Хосе Каррерас өңдүү башка атактуу тенор ырчылар менен өткөргөн концерттер операга жаңы аудиторияны, жүз миңдеген адамдарды тарткан эле. Лондондун Падышалык опера театры Паваротти бүткүл дүйнө боюнча адамдардын турмушуна таасир берген сейрек артисттердин бири болгонун белгиледи.