Чолпанатада жүргөн “Азаттыктын” кабарчысы Кабыл Макештин маалымдашынча VII Ысыккөл оюндарында үстөл тенниси, сууда сүзүү жана жеңил атлетика боюнча чемпиондор аныкталды. Үстөл теннисинен кытайлык жана кыргызстандык кыз-келиндер экиден алтын медаль жеңип алышты. Орусиялык суучулдарга он алтын медаль тийди. Чолпоната шаарында өтүп жаткан Ысыккөл оюндарында спорттун он беш түрү боюнча таймаштар өтүп жатат жана ал 11-сентябрда жыйынтыкталат.(EBM)