12:45 Бишкек-Балыкчы кан жолундагы “тез жардам” кызматы ишин аяктады

Туризм сезонунун башталганына байланыштуу саламаттыкты сактоо министрлиги тарабынан үстүбүздөгү жылдын июль айында Боом капчыгайында “тез жардам” кызматы ачылган. Сезон учурунда дарыгерлерге 39 киши жардам сурап кайрылган. Алардын арасында автокырсыкка учурагандар, кан басымы көтөрүлүп же төмөндөп кеткендер, айрым учурларда алкоголдук ичимдик ичип кыйналгандан улам “тез жардамга” кайрылгандар болгон. Жайкы мезгилдин аяктаганына байланыштуу “тез жардам” кызматы ишин аяктап, дарыгерлер өздөрүнүн иш ордуларына кайтып келишти, деп билдирет саламаттыкты сактоо министрлигинин маалымат кызматы. (ZKo)