16:09 Ысыккөл кинофестивалы эл аралык делип ЮНЕСКОнун тизмесине кириши мүмкүн

Бул тууралуу бүгүн маалымат жыйынында билдирген мамлекеттик катчы Адахан Мадумаров, Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин кино ишмерлери катышкан Чолпонатада өткөрүлгөн эл аралык кинофестивалга ЮНЕСКО зор кызыгуусун арттырып, эл аралык кинофестивалдар тизмесине киргизүү ниети бар экенин кабарлады. Мамкатчынын айтымында, ЮНЕСКОнун тизмесине кирсе Ысыккөл кинофестивалы эл аралык макамга ээ болот. (AJ)