8:11 Сентябрда укук коргоочулар кыз ала качуу боюнча эл аралык конференция өткөрөт

Бул тууралуу “Азаттыкка” Президенттин алдындагы адам укуктары боюнча комиссиясынын жетекчиси Турсунбек Акун билдирди. Анын айтымында, ушул тапта бул багыт боюнча маалыматтар топтолууда. “Бирок бизге көпчүлүк мекемелер толук маалымат бербей жатат”,-деди Т. Акун. Конференцияга “Фридом хаус”, “Хьюман Райтс Уотч” сыяктуу эл аралык укук коргоо уюмдарынын өкүлдөрү, жергиликтүү бейөкмөт уюмдар катышары күтүлүүдө. (ZMa)