Чеченстанда мамлекеттик мекемелерде иштеген бардык аялдар жоолук салынып жүрүшү керек

Мындай буйрукка кечээ чечен президенти Рамзан Кадыров кол койду. “Мен мусулманмын жана чечен салттарын урматтайм”,-деди Рамзан Кадыров. Ушул жылы Сауд Аравияга ажылык сапарга барып келген чечен президенти кыска кийим кийген аялдарды сынга алды.