Жапонияда премьер- министри Синдзо Абе отставкага кете турган болду

Бул тууралуу ал бүгүн жарыялады. Бирок кызматтан кетээринин так мөөнөтүн айткан жок. Абэ жапон өкмөтүнүн башчылыгына мындан бир жыл мурун келип, экономикалык реформаларды улантууну, коргонуу жана коопсуздук жаатындагы саясатты жигердүү жүргүзүүнү убада кылган болчу. Бирок анын премьерлиги учурунда бир катар каржылык жаңжалдар орун алды. Башкаруучу Либералдык-демократиялык партия парламенттин жогорку палатасы үчүн шайлоодо уттуруп койду.