9:52 Жогорку Кеңеш инфляция, азык-түлүккө баанын кымбатташын талкуулоону улантууда

Депутаттар айыл чарбасы, азык-түлүктүн кымбатташы боюнча жарыш сөзгө чыгууда. Депутат Мамытбай Салымбеков министрлерге убакыт жана мүмкүнчүлүк берип туруп, андан кийин талап кылууну сунуштады. Өкмөт башчы Алмазбек Атамбаев парламентке саат 12:00 карай келет. Ал учурда Латвиянын өкмөт башчысы менен жолугушууда. Депутаттар бул маселелерди талкуулоону өткөн жумада баштаган. Талкууну бүгүн аяктоо чечими кечээ күнү кабыл алынган. (AiT)