Бул тууралуу өкмөт башчы Алмазбек Атамбаев бүгүн билдирди. Премьер-министрдин сөзүнө караганда, каражатты пайдалануу үчүн быйылкы жылдын бюджетине өзгөртүү жана кошумча киргизүү керек. Өкмөт тийиштүү долбоорду парламентке сунуштады. Ага ылайык 600 миллион сом Казакстандан буудай сатып алуу, 150 миллион сом жергиликтүү дыйкандардан айыл чарба продукциясын сатып алууга жумшалмакчы. Алмазбек Атамбаев өз сөзүндө мал ылаңынын жайылышына жол бергендерге жана азык-түлүккө баанын көтөрүлүшүн «байкабай» калгандарга чара көрүлөөрүн ачыктады. (AiT)