15:00 2003-жылкы конституцияга кайрылуу болсо, ал кыска мөөнөткө болот

Мындай пикирин өкмөт башчы Алмазбек Атамбаев бүгүн билдирди. Белгилүү болгондой «Арнамыс» партиясынын мүчөлөрү жана Жогорку Кенештин депутаттары Кабай Карабеков жана Мелис Эшимканов ноябрь, декабрь конституцияларын жокко чыгаруу боюнча Конституциялык сотко кайрылган. Сот 14-сентябрда ишти карай баштайт. «2003-жылкы конституцияга кайрылуу болсо, ал кыска мөөнөткө болот. Анткени президент конституциялык реформа болушун каалайт» деди өкмөт башчы. (AiT)