11:35 Кыргыз эл Баатыры Сабира Күмүшалиева дүйнөдөн кайтты

Эл артисткасы, Кыргыз эл Баатыры Сабира Күмүшалиева 91 жашында дүйнө салды. Буга байланыштуу аза күтүү митингиси 16-сентябрда Кыргыз Улуттук Академиялык драма театрында болот.
Сабира Күмүшалиева “Аккеме”, “Аккуулар конгон айдың көл”, “Уркуя” баштаган ондогон фильмдерде, ал эми театр сахнасында жүздөгөн каармандардын образын жараткан. (ZKo)