14:50 Сентябрь айында эле Баткенде 10 мечит пайдаланууга берилди

Коомчулук жаңы мечиттердин ачылуусун рамазан айынын башталышына багыштаган. Бул тууралуу «Азаттыка» облус казысы Султан ажы Гапуров 15-сентябрда маалым кылды.
Ошондой эле ачылган мечиттерге кеткен каржаттардын 70 пайызы жергиликтүү атуулдардын каражаттарына, ал эми чыгымдардын калган бөлүгү чет өлкөлүк демөөрчүлөрдүн акчасына бүткөрүлгөн.
Учурда облус боюнча мечиттердин саны 240ка жетти.(SA)