13:14 Бүгүн Кыргыз эл Баатыры Сабира Күмүшалиеваны акыркы сапарга узатуу ырасмиси өттү

Аза күтүү митингиси Кыргыз Улуттук Академиялык драма театрында болду. Жыйынды маданият министри Султан Раев ачып, вице-премьер-министр Досбол Нур уулу сөз сүйлөдү. Сабира Күмүшалиеванын сөөгү Аларча көрүстөнүнө, өмүрлүк жары Муратбек Рыскуловдун жанына коюлду. Эл артисткасы, Кыргыз эл Баатыры Сабира Күмүшалиеванын өмүрүнүн 67 жылы сахнада өттү. С. Күмүшалиева 18 көркөм тасмада тартылып, театр сахнасында жүздөгөн каармандардын образын жараткан. Өлкөнүн маданиятына кошкон салымы үчүн Сабира Күмүшалиева “Элдердин достугу”, “Ардак белгиси”, “Эмгек”, “Ардак” ордендери менен сыйланган. Кечээ президент К. Бакиев, өкмөт башчысы А. Атамбаев, Жогорку Кеңештин төрагасы М. Султанов, Конституциялык соттун төрайымы Ч. Баекова, мамлекеттик катчы А. Мадумаров, маданият министри С. Раев баштаган бийлик өкүлдөрү С. Күмүшалиеванын жакындарына көңүл айтып, кат жолдоду. (ZMa)