15:39 Жалалабаттагы пахта заводунун жумушчулары нааразылык акциясын өткөрүштү

10 адам катышкан нааразылык пикети облустук бийликтин имаратынын алдында өтүп, ал жарым сааттай созулду. Пахта заводдун өкүлдөрү ишкананы мамлекет менен эмгек жамаатына өткөрүп берүүнү жана 1994-жылдан берки үлүштөрүн төлөттүрүп берүүнү, заводду тез арада иштетүүнү талап кылышты. Жергиликтүү бийлик алардын муктаждыктарына жетишерлик көңүл бурбай жаткандыгын айтышты. Пахта буласын дүйнөлүк рынокко мыкты сапат менен даярдап келген заводдун көптөн бери иштебей, эки милиция кызматкери ишкананын кире бериш жагын гана кайтаргандыктан 24 гектар аянтты ээлеген заводдун жабдуу-эмеректери таланып-тонолушу мүмкүн экендигин белгилешти. Пикетчилердин өкүлү Зейнеп Мамутканова талаптары аткарылбаса нааразылык акциясы улана бере турганын билдирди. Алар менен облбийликтин бөлүм башчысы Кадырбек Бечелов жолугушуп, заводго байланыштуу маселе изилденип жатканын айтты.(YA)