Лондондо Косово боюнча эл аралык ортомчулардын жолугушуусу өтүүдө

АКШ, Европа Биримдиги жана Орусиядан барган ортомчулар кечээ Серб делегациясы менен жолугушкан. Бүгүн болсо косоволук албандардын өкүлдөрү менен сүйлөшүүлөр жүрмөкчү. 28-сентябрда Нью-Йоркто Белград менен Приштина өкүлдөрүнүн ортосунда биринчи түз жолугушуу өтөөрү күтүлүүдө. Косовонун келечек макамы боюнча маселе дале талаш бойдон. Косоволук албандар аймактын көз карандысыздыгын талап кылса, Сербия ага караманча каршы.