Ооган президенти БУУнун башкы ассамблеясынын жыйынында сөз сүйлөйт

Президент Хамид Карзай Нью-Йоркто өтүп жаткан БУУнун башкы ассамблеясынынын жыйынында келерки жумада сөз сүйлөйт. Ал өз сөзүндө Талибан бийлиги кулагандан кийинки алты жыл ичиндеги өлкөдөгү жетишкендиктер жана алдыдагы милдеттер туураалу айтмакчы. Ооган тышкы иштер министри Рангин Дадфардын айтымында, Карзай бул сапардын алкагында АКШ президенти Жорж Буш жана Ооганстанга колдоо көрсөтүп жаткан башка өлкөлөрдүн башчылары менен да жолугушмакчы.