12:03 Ошто күйдүргү катталды

13-сентябрда Ош облустук ооруканасына Арек айылынын тургуну 51 жаштагы Ж.Абылов жаткырылган. Эпидемиологиялык текшерүүнүн жыйынтыгында Абылов күйдүргү дартын жуктуруп алганы аныкталган. Маалыматка караганда ал 5-сентябрда кошунасынын уюн сойгонго кол кабыш кылган. Уйдун жарым эти айылдыктрга таратылып, жарымы Ош шаарындагы базардагы эт саткан дүкөнгө тапшырылган. Бул боюнча Ош облустук ички иштер башкармалыгы 20-сентябрда иликтөө иштерин жүргүзө баштады. (AJ)