Министрликтерде мамлекеттик тил боюнча иш алып барган тиешелүү адистер, жогорку окуу жайлардын жетекчилери жана бир катар коомдук-саясий ишмерлер жана чыгармачыл чөйрөнүн өкүлдөрү чакырылган бул жыйынга мамлекеттик катчы Адахан Мадумаров менен вице-премьер-министр Досбол Нур уулу да катышаары күтүлүүдө. Салтанат соңунда кыргыз тилинин өнүгүүсүнө салым кошкон инсандарга сыйлыктар тапшырылат. Кыргыз тилине 1989-жылдын 23-сентябрында мамлекеттик тил макамы ыйгарылган.(SM)