12:30 Каркыра чек ара заставасында абал оор, чек арачылар жыртык кийим менен жүрүшөт

Депутат Эргеш Төрөбаев парламентте "Каркыра" чек ара заставасындагы кейиштүү көрүнүшкө күбө болгонун билдирди. Анын айтымында, "Каркырада" чек ара кайтарган 20 аскер бар экен, алардын турмуш шарты абдан начар, жыртык кийимдерди, өтүктөрдү кийип жүрүшөт. Ошол эле учурда Каркырада Казакстандын вертолету айланып учуп жүрөт, ал жактан альпинисттер ээн-эркин келип-кетип жатышат. Чек ара кызматынын башчысы Замир Молдошев «Каркыра» чек ара заставасында кырдаал оор экенин жашырган жок. Бирок, кийинки учурда ал жакта чек арачылардын турмуш шартын жакшыртуу үчүн курулуш иштери жүргүзүлүп жатат. Жакында эле 63 миң сомго турмуш-тиричилик техникалары сатылып берилген. (KCh)