Бан Ки-Мун абхаздар менен грузин аскерлерин сабырдуулукка чакырды

Бириккен Улуттардын башчысы Грузия менен сеператисттик Абхазиянын ортосундагы чек арадагы кандуу окуяларга катуу тынчсыздануу билдирди. 20-сентябрдагы окуяда эки абхаз жараны каза таап, бир нечеси жарадар болду же камакка алынды.
БУУнун маалымат кызматы билдиргендей, уюм учурда бул атышууну иликтеп жатат.